Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

БШК сервердин бузулганы тууралуу түшүндүрмө берди


Добуштарды саноо учуру. 28-ноябрь. 2021
Добуштарды саноо учуру. 28-ноябрь. 2021

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин бүгүн, 30-ноябрда тараткан маалыматына караганда, добуш берүү убактысы бүткөндөн кийин, кечки саат 20:00дөн соң участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо БШКда жайгашкан серверге жөнөтүлөт.

БШК добуштарды саноонун жолун түшүндүргөн таблица.
БШК добуштарды саноонун жолун түшүндүргөн таблица.

"Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү урна) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

Боршайком урна (АСУ) менен серверге эч ким кире албай турганын, ал автоматташтырылган компьютердик система экенин билдирди.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар дүйшөмбү күнү БШКнын алдында митинг өткөрүштү.

30-ноябрь, саат 13:00гө карата бюллетендердин 20% ашууну кол менен саналып бүттү.

БШК добуш берүүнүн толук жыйынтыгы бюлеттендерди кол менен санап бүткөндөн кийин гана чыгарарын, мыйзамда да ал көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Боршайком жашыра турган эч нерсе жок экенин жана бардык тараптарды кол менен саноого катышууга чакырууда.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% ашты.

XS
SM
MD
LG