Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

"Альянс" БШК сайтындагы катачылык боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылат


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкер, "Альянс" партиясынын тең төрагасы Жанар Акаев 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Партия Борбордук шайлоо комиссиясынан добуштарды алдын ала эсептеген системасындагы ката боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылат.

"Шайлоо күнү бир нече партиянын Жогорку Кеңешке келгенин кубаттап, бул шайлоодо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу административдик ресурс колдонулбаганын, акча таратууларды да күч органдары мурдагы шайлоолорго караганда тыкыр көзөмөлдөгөнүн, бирок айрым партиялар түрдүү ыкма менен сатып алуу аракетин жасаганын белгилегенбиз. Бул партиянын атынан эмес, жеке интервью болгон. Ошондон бери кандайдыр бир билдирүү жасаган жокпуз, ошол учурдагы маектен үзүндүнү ар кандай өңүттө бурмалабаганга чакырам. Маектен көп убакыт өтпөй БШК сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алды. Анын баары тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керек", - деп жазган Акаев.

Саясатчы бардык саясий күчтөрдү кол менен саноо процессине активдүү катышууга чакырган.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар дүйшөмбү күнү БШКнын алдында митинг өткөрүштү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушун техникалык мүчүлүштүк деп атап, жыйынтыкка зыяны тийбегенин билдирген. Президент Садыр Жапаров партияларды добуштарды кол менен эсептөөгө катышууга чакырып, эгер күмөн саноо аныкталса Боршайкомго чара көрүлөрүн айткан.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG