Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Шайлоо-2021: бюллетендердин 20% кол менен саналып бүттү


Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.
Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 20,77% кол менен саналып бүттү - бул 30-ноябрь, саат 12:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 520га жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97,59% бюллетень саналды.

Ушул убакытка чейин кол менен саналган бюллетендердин жыйынтыгында «Ынтымак» партиясы 13,45%, «Ата-Журт Кыргызстан» 12,86%, «Ишеним» 11,36%, «Ыйман Нуру» 7,26%, «Эл үмүтү» 6,85%, «Альянс» 6,16%, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 4,14% добуш алып алдыда келатат.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган сервери иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыяны тийбегенин билдирген.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG