Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

БШК сервериндеги мүчүлүштүк шайлоо күнү күндүз эле байкалган


Шайлоо тилкелеринин биринде тартылган сүрөт.
Шайлоо тилкелеринин биринде тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк добуш берүү күнү күндүз саат 2де байкалган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттыктын" Арай көз чарай" талкуусунда билдирди. Анын айтымында, шайлоодо добуш бергендердин пайыздык көрсөткүчү боюнча БШК журналисттерге берген маалымат менен сервердеги сандарда айырма чыккан. Муну техникалык себепке байланыштырган Маматов адистер аны кечки саат 8ден кийин оңдогонун билдирди.

Учурда бул мүчүлүштүктүн чоо-жайын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатышат.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. Алар дүйшөмбү күнү БШКнын алдында митинг өткөрүштү.

БШК төрайымы сервердин бузулушун техникалык мүчүлүштүк деп атап, жыйынтыкка зыяны тийбегенин билдирген. Президент Садыр Жапаров партияларды добуштарды кол менен эсептөөгө катышууга чакырып, эгер күмөн саноо аныкталса Боршайкомго чара көрүлөрүн айткан.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат.

30-ноябрь, эртең мененки саат 8ге карата бюллетендердин 20% жакыны кол менен саналып бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык системасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 480 чамалуусу эсептелди. Ал эми электрондук үкөктөр 97% ашуун бюллетенди саналды.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG