Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 66 учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 30-ноябрга карата дагы 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 351 адам болду, 2 746 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 230 бейтап сакайып чыкты.

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 260 адам өттү, анын ичинен 5 803ү биринчи дозаны, 4 457 адам экинчи дозаны алды. Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. ашык киши вакцина алды. Анын 892 миңден көбү эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырды.

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Мамлекеттик органдарга COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Бишкек бул жаатта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен да чукул консультация өткөрдү.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG