Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Коронавирус: жигиттерге кооптуу "Омикрон"


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Коронавирустун "Омикрон" деп аталган жаңы түрү тездик менен жайылып жатканына байланыштуу Израил чек араларын толук жапты. АКШ, Британия баштаган бир катар мамлекеттер Африканын сегиз өлкөсү менен аба каттамдарын чектеди. Илимпоздордун айтымында, коронавирустун бул түрү канчалык кооптуу экенин жана ал азыркы вакциналарга канчалык туруштук бере аларын аныктоо үчүн эки апта зарыл.

28-ноябрда жарыяланган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баяндамасына ылайык, коронавирустун "Омикрон" деген түрүнүн жайылуу ыктымалдыгы жогору. Уюм вирустун структурасындагы мутацияга көңүл буруу менен, ал азыркы вакциналарды тоготпой коюшу ыктымал экенин белгилеген.

"Омикрон" алгач Ботсвана жана Түштүк Африка республикаларында аныкталган. Түштүк Африка республикасындагы Медкызматкерлер ассоциациясынын төрайымы Анжелика Кутзинин айтымында, коронавирустун жаңы түрүнө негизинен 20-30 жаштагы жигиттер чалдыгып жатат.

"Алар алгач бир-эки күн алсырап, андан соң башы ооруп, сай-сөөгү сыздап, булчуңдары ооруганы байкалган. Кээ бирлериники тамагы кычышса, башкаларда кургак жөтөл башталган. Айрымдардын дене табы бир аз көтөрүлгөн".

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучин "Омикрондун" кооптуулугу жана жугуштуулугу тууралуу так маалыматтар эки аптадан кийин аныкталарын билдирди. Бул маалыматты Улуттук саламаттык сактоо институтунун жетекчиси, доктор Фрэнсис Коллинз дагы Fox News телеканалына курган маегинде ырастады.

"Жакынкы эки аптада аныкташыбыз керек",- деди ал.

Түштүк Африкада коронавирустан каза болгондордун сөөгүн жерге берип жатышат. 6-январь, 2021-жыл.
Түштүк Африкада коронавирустан каза болгондордун сөөгүн жерге берип жатышат. 6-январь, 2021-жыл.

Аба каттамдарды чектөө

29-ноябрга карата алынган маалыматтарга ылайык, "Омикрон" Австралия, Белгия, Ботсвана, Британия, Дания, Германия, Гонконг, Израил, Италия, Нидерланд, Франция, Түштүк Африка жана Канадада аныкталды.

Энтони Фаучи жакын арада вирус АКШга жетери шексиз экенин билдирди. Кошмо Штаттар 29-ноябрдан тартып Африкадагы сегиз мамлекетте болгон чет элдик жарандарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды. Евробиримдикке мүчө бир катар мамлекеттер, Жапония, Израил дагы Африканын түштүгүндөгү айрым өлкөлөр менен аба каттамдарын чектеди.

Түштүк Африка республикасынын президенти Сирил Рамафоза мындай чараларды сынга алды.

Ал мындай чектөөлөр эч кандай жүйөсүз киргизилгенин айтып, коронавирустан жабыркаган мамлекеттердин экономикасына кошумча кедергисин тийгизет деген ойдо. Ошондой эле Африка мамлекеттери адилетсиз дискриминациянын курмандыгына айланганын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы азырынча аба каттамдарды чектөө эрте экенин билдирип, айрым мамлекеттердин мындай кадамдары "глобалдык тилектештикке" залакасын келтирерин жарыялаган.

Буга чейин Түштүк африкалык илимпоздор "Омикрон" 30 жолу мутация болгонун аныктап, тынчсыздануусун билдиришкен. Алар азыркы вакциналар коронавирустун бул түрүнө туруштук бере аларынан күмөн санап турушат.

Жапония менен Израил чек араларын жапты

Жапония бийлиги "Омикрон" штаммына байланыштуу 30-ноябрдан тартып бардык чет өлкөлүктөргө чек арасын жапты. Буга чейин Токио Африканын сегиз мамлекетинен келген жарандарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган эле. Ал эми чет жактан кайтып келген жапониялыктар он күн мейманканада обочолонушу зарыл.

Ушундай эле кадамга Израил дагы барды. Бул мамлекетте "Омикрон" бир адамдан расмий аныкталган. 29-ноябрдан баштап чет өлкөлүктөр Израилге бара алышпайт. Ал эми Британия коомдук транспортто жарандарды беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди. Нидерландда жарым-жартылай локдаун киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG