Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

COVID-19: жаңы чектөөлөр Европаны козгоду


Венадагы ири нааразылык акциясы. 20-ноябрь, 2021-жыл.
Венадагы ири нааразылык акциясы. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Европада COVID-19дун жайылуусун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөргө каршы нааразылык күчөдү. Өткөн дем алыштагы каршылык жүрүштөрү бир учурда ондогон шаарларда өттү.

Жекшембиде эң ири акциялар Бельгияда, Нидерландда, Хорватияда жана Австрияда болуп, айрым жерлерде массалык башаламандык менен коштолду. Демонстранттар жаңы чектөөлөргө жана эмдөөгө каршы чыгууда.

Өкмөттөр мындай каршылыктар саламаттыкты сактоо тутумуна күч келтирип, абалды огобетер курчутуп жатканын белгилейт.

Брюсселдеги башаламандык коштогон акция

Жекшемби күнү Бельгиянын борбору Брюсселде он миңдеген адамдар катышкан нааразылык акциясы зомбулук менен коштолду. Демонстранттар коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөргө каршы болууда.

Брюсселдин полициясы "акциянын катышуучулары коомдук тартипке байкоо салып турган тартип сакчыларына таш атып, жол боюндагы тосмолорду сындырып, массалык башаламандыкка айлантканын" билдирди. Бул окуяга байланыштуу бир нече киши камакка алынганы кабарланды.

Нидерланддагы тополоң

Ал эми Нидерландда пандемияга байланыштуу бийликтин карантиндик чектөөлөрүнө каршы нааразылык акциялары эки күнгө созулуп, аягы башаламандыкка айланды. Полиция 30га жакын адамды кармады. Тартип сакчыларынын арасында жаракат алгандар бар.

Эң ири массалык акциялары Гаагада болду. Жаалданган демонстранттар автоунаалар менен велосипеддерди өрттөп, полицияга таш ыргытып, петардаларды жардырды. Мындай тополоң-тозго каршы суу аткычтар колдонулду. Жекшембиге караган түнү Роттердамда да башаламандык болуп, 50дөй киши кармалган.

Роттердамда тополоң учурунда ок атуучу курал колдонулганы кабарланды. Ызы-чуу маалында бир адамдын каза тапканы айтылып, бирок ал расмий ырастала элек.

Нидерландда коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйгөндөн улам, коомдук жайлар жарым-жартылай жабылды. Барлар, ресторандар менен дүкөндөрдүн иштеши чектелди. Анан да төрт адамдан ашык, себепсиз топтолуп, чогулууга тыюу салынды.

Чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары Евробиримдиктин башка өлкөлөрүндө да өтүүдө.

Хорватияны козгогон чектөөлөр

Хорватиянын борбору Загребде ишембиде массалык нааразылык акциясы өттү. Анда чогулангандардын көбү жеке укугу менен эркиндиги чектелип жатканына нааразы.

"Мен бул жакка эркиндик үчүн күрөшүүгө келдим. Бул жерге фашизм менен күрөшкөнү келдим. Мен тоталитаризм, бул акылга сыйгыс чектөөлөр жана көнөк баш саясатчыларга каршы күрөшүү үчүн келдим",- деди көчө жүрүшүнө чыккан хорватиялык IT адиси Томислав Попиньяц.

Хорватиядагы нааразылык акциясы. 20-ноябрь, 2021-жыл.
Хорватиядагы нааразылык акциясы. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Жүрүшкө чыккан башка бир хорватиялык Динко деген жаран чектөөлөр бардыгына бирдей эместигин айтууда.

"Мен эмнеге бул жердемин. Анткени бийлик фашисттик чараларды киргизди. Мен өзүмдү жана балдарымды бул оорудан коргоо үчүн эмделишти каалабайм. Ал менин эрким. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөнүм үчүн жумушка барышыма чек коюлуп, менден COVID паспорт талап кылып, ал эми вирус алып жүргөн башка адамдарга ишке келүүгө уруксат берилип жатканы үчүн бул жерге келдим. Бардык чектөөлөр эч кандай мыйзамга негизделген эмес. Биз бүгүн мында ушуну өзгөртүү үчүн чогулдук", - дейт ал.

Австрияда митинг, Германияда инфекция күчөдү

Ишембиде Венада карантинге каршылардын митинги өттү. Он миңдеген демонстранттар Австрия өкмөтүнүн 22-ноябрдан тарта адамдардын эркин жүрүүсүнө 20 күнгө чектөө киргизип, бардык оюн-зоок жайларын, кафе-ресторандарды жабуу чечимине каршы чыкты.

Вена полициясынын маалыматы боюнча, болжол менен 35 миң адам өкмөттөн COVID-19 пандемиясынын жайылышына байланыштуу чектөөлөрдөн баш тартууну талап кылды.

Нааразылык жүрүштөрүнө байланыштуу Венанын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын кыймылы токтотулду. Полиция одоно тартип бузуулар болбогонун, бирок жүрүштөгү ашкере кыймыл-аракети үчүн 10 адам кармалганын билдирди.

Австрия өкмөтү коронавирустун жайылышы кескин күчөгөн үчүн жалпы улуттук карантин киргизүү чечимин кабыл алганын федералдык канцлер Александр Шалленберг калкка түшүндүрдү.

"Бул өлкөдө эмдөөгө каршы өтө көп саясий күчтөр бар. Алар буга массалык жана ачык түрдө катуу каршылык көргөзүүдө. Бул өтө жоопкерсиздик. Чындыгында, бул биздин саламаттык сактоого урулган сокку. Радикалдык антиваксерлердин жана фейк маалыматтардын таасири менен арабыздагы өтө көп кишилер эмдөөдөн өтүүнү каалаган жок. Анын азыркы кесепети – ооруканалар толуп турат. Анда жаткан адамдар эбегейсиз азап тартышууда. Андай азапты эч кимибиз каалабайт элек", - деп билдирди Александр Шалленберг.

Жүйөлүү себеп болбосо, үйдөн чыгууга тыюу салынат. Өлкөдөгү бардык расмий жана маданий иш-чаралары токтотулат. Ошондой эле 2022-жылдын 1-февралынан баштап Австрияда коронавируска каршы эмдөө милдеттүү түрдө жүрөрү жарыяланды. Шалленберг жаңы чектөөлөр 20 күнгө созулуп, 13-декабрдан эмделген жана ооруп айыккандар көбүрөөк эркиндикке ээ болорун убада кылды.

Бул арада Германияда да коронавирустун жайылуусуна байланыштуу кырдаал курчуганы кабарланды. Жалпы өлкө боюнча вирустун орточо жайылышы 100 миң кишиге 362 учурду түздү. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Бирок жаңы өкмөттү түзүүнү сүйлөшүп жаткан партиялар милдеттүү эмдөөгө каршы экенин Deutsche Welle билдирди.

Франциянын арал ээлигиндеги башаламандык

Француз бийлиги Түштүк Американын жээгиндеги Батыш-Индия аралдарында жайгашкан Гваделупага полициянын атайын бөлүгүн жиберди. Бул аймак Франциянын сырттагы арал ээлиги катары белгилүү. Анда демонстранттар ар кайсы жерге өрт коюп, полициячыларга ок атылган. Буга байланыштуу аралга коменданттык саат киргизилди.

Жергиликтүүлөр материктик Францияда киргизилген чектөө чараларына, атап айтканда, COVID паспортторун колдонууга жана милдеттүү медициналык эмдөөгө каршы чыгышты.

Суук түшкөнү Евробиримдикте инфекциянын жаңы түрүнүн жайылышы тездик менен өсүүдө. Өлүм былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз. Бул эмдөөнүн таасиринен болушу мүмкүн экени айтылды. Бирок бир катар өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп, сөзсүз ооруканага жаткырууну талап кылган бейтаптардын көбөйүшү саламаттыкты сактоо тутумуна күч келтирип жатканы кабарланды.

Бирок былтыркыдан айырмаланып, көпчүлүк өлкөлөр бөгөттөн баш тартып, эмделбегендерге гана чектөөлөрдү киргизүүдө.

Орусияда соңку суткада 36 миңден ашуун жаңыдан инфекция жугузуп алгандар катталып, расмий маалыматтар боюнча илдеттен 1252 бейтап каза болду. Бир суткада коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Орусия азыр дүйнөдө биринчи орундагы өлкөлөрдүн катарында.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG