Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Дүйнөлүк океанга 25 тонна таштанды ташталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Роботтоштурулган протездер колу-бутунан ажыраган мугалимди кайра ишине кайтарды. Музыка угуу менен Альцгеймер оорусуна таасир берүүгө болот. COVID-19га байланыштуу 25 миң тонна пластик таштанды дүйнөлүк океанга түшкөнү белгилүү болду.

Бионикалык мүчөлөр мугалимди ишине кайтарды

Мындан эки жыл мурун лондондук мугалим Кэт Трегенндин жашоосу толугу менен өзгөргөн. Ал жумуш убактысында өзүн жаман сезе баштагандыктан иштен суранып кетүүгө мажбур болгон. Дене табы түшпөгөн Кэт тез жардам кызматына байланышат. Дарыгерлер бейтаптан сепсистин белгилерин байкашкан. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер тизеден ылдый эки бутун жана чыканактан ылдый эки колун кесүүгө мажбур болушат.

Мугалим болуу 47 жашар Кэттин балалык кыялы болчу. Дарыланып жатканда да ал кайра мектепке кайтып келе аларына ишенгиси келген. Ишине берилген Кэтти сүйүктүү кесибинен ажыратпоо үчүн ал эмгектенген мектептин жамааты Open Bionics британиялык технологиялык компаниясынын Hero Arm протездерин алууга акча чогултат.

Эки баланын энеси Кет 18 ай дарыланып, жаңы жашоого көнүп, эми кайрадан окуучуларына кайтты.

“Технология мага көз карандысыздыкты кайтарып берди”, - дейт ал.

Мугалиминин бионикалык колдору жана буттары окуучуларын да абдан таң калтырат.

“Алардын кандай иштеп жатканы окуучуларым үчүн дайыма кызык. Тактага жазып жатканымды, китептерди көтөрүп баратканымды көрүп, муну кантип жасап жатканымды таң калып сурай беришет”.

Роботтоштурулган Hero Arms протездеринин каркасы 3D басып чыгаруунун жардамы менен жасалган. Ал булчуңдардын калдыктарына бекитилген датчиктердин жардамы менен башкарылат. Датчиктер булчуңдардын жыйралуусун эсептеп, кол кандай кыймыл жасоону каалап жатканын аныктайт. Андан соң, башкаруу системасына сигнал берет.

Open Bionics компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Саманта ПейнКэт – кайталангыс адам. Анын сүйүктүү ишине кайтууга бекем умтулганын биздин команда жогору баалайт” деди.

Булак: walesonline.co.uk​

Музыка Альцгеймер оорусуна даба боло алат

Өзүнө жаккан музыканы байма-бай угуу Альцгеймер оорусунун жеңил формасы менен ооруган бейтаптын мээсине оң таасир берерин Торонто университетинин адистери аныкташты. Изилдөө тууралуу кенен маалымат Journal of Alzheimer журналына жарыяланды.

Адистердин тажрыйбасына 14 каалоочу катышкан. Алардын 8и музыкант болчу. Алар үч жума бою күнүнө бир сааттан өздөрүнө жаккан жана алар үчүн маанилүү деп эсептелген ырларды угушкан. Музыканын мээге таасирин аныктоо үчүн алар тажрыйбага чейин жана андан кийин МРТ жасашкан. Тажрыйбага катышып жаткандар МРТ учурунда алар сүйүктүү ырларын, ал эми сканерлөөдөн бир саат мурда ага окшош, бирок жеке байланышы жок музыкаларды угушкан.

Жыйынтык көрсөткөндөй, катышуучулар жаңы ырды уккан маалда, мээ жаңы ырдан алган таасирге көбүрөөк басым жасарын байкашкан. Мында негизинен мээнин угуу бөлүгү активдешкен. Ал эми мурдатан белгилүү ырлар мээнин аткаруу бөлүгүн активдештирген. Ошондой эле, мээнин оору көп таасир этпеген бөлүктөрү да кыймылга келген. Сүйүктүү ырларды кайталап угуу катышуучулардын музыка менен байланыштуу тажрыйбасына карабай, когнитивдик жөндөмүн жакшырткан.

Эми адистер музыканын так эмнеси жакшырууга алып келерин изилдөөгө алышат. Азырынча бейтептарга өздөрүнүн сүйүктүү жана кандайдыр бир өткөн жашоосу менен байланыштуу ырларды угууну сунушташты.

Булак: utoronto.ca​

Ковид дүйнөлүк океанга терс таасир этти

“Улуттук Илимдер академиясынын иштери” (PNAS) журналына коронавирустун дүйнөлүк океанга тийгизген таасири тууралуу макала жарыяланды. Макалада COVID-19 эпидемиясына байланыштуу 25 миң тонна пластик таштанды дүйнөлүк океанга түшкөнү айтылат.

Мындай тыянакты Наньян университетинин (Кытай) профессору Имин Пэн жетектеген окумуштуулардын тобу чыгарды. Алар пластиктин сууда жайылышын изилдеген атайын компьютердик моделди колдонушкан. Дүйнөлүк океанга 193 өлкөдө колдонулган медициналык беткаптар, жеке коргоочу каражаттар сыяктуу ооруканалардан чыккан таштандылар ташталган. Пандемия башталгандан 2021-жылдын август айына чейин 8,4 млн тонна ушундай таштанды бөлүнүп чыккан. Моделдөөгө ылайык, эми дүйнөлүк океанда жалпы пластик таштандынын көлөмү 25 тоннаны түзөт.

Көп учурда таштанды түз океандарга ташталган эмес. Алар дарыялар менен агып келген. Айрыкча калкы жыш жайгашып, катаал экологиялык талаптар коюлбаган жерлердеги дарыялар негизги таштанды ташуучу дарыялар. Алардын сап башындагы Азиядагы Янцзы, Инд жана Хуанхэ дарыялары турат.

Булак: pnas.org

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG