Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Коронавирус күчөдү, эмдөөгө ишенбегендер көп


Москвадагы бейтапканалардын бири. 28-октябрь 2021-жыл.
Москвадагы бейтапканалардын бири. 28-октябрь 2021-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада коронавирустун күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм бул чөлкөмдө жыл соңуна чейин вирустан дагы жарым миллион киши кайтыш болушу мүмкүн экенин эскертти.

Коронавирустун​ жаңы очоктору

Акыркы маалыматтарга караганда, Украина менен Орусия инфекциянын жугушу жана өлүмдүн көрсөткүчү боюнча алдыга чыкты. Буга эмдөө өтө жай жүрүп, ага ишенбөөчүлүк күчтүү болуп жатканы себеп дейт адистер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун европалык бюросунун башчысы Ханс Клюге ноябрь айынын башынан тарта Европанын 53 өлкөсүндө коронавирустун кайра күчөп, тездик менен жайылуу коркунучун эскертти.

"COVID-19ду жугузуп ооруканага түшкөндөрдүн саны бул жумада эки эсе өсүп, кайра рекорддук деңгээлге жетип баратат. Вирустун таралышы ушул ыргак менен кетсе, анда Европада өлүмдүн көрсөткүчү эмдиги жылдын 1-февралына карата жарым миллионго чыгышы мүмкүн. Европада жана Борбор Азияда коронавирустун "Дельта" вариантынын таралышы үстөмдүк кылууда", - деди Ханс Клюге 4-ноябрдагы маалымат жыйынында.

Айрыкча соңку жумаларда вирус Чыгыш жана Түштүк Европада өзгөчө күчөгөнү айтылды. Украинада буга эмдөө солгун жүрүп, ага калк арасында ишенбөөчүлүк себепкер экени белгиленди.

Буга чейин украин бийлиги милдеттүү түрдө эмдөөнү талап кылып, карантиндик чектөөлөрдү киргизген.

"Бул ашынган сандырактык"

Киевде 3-ноябрда эмдөөгө каршылар акцияга чыкты. Алар эмдөөнү токтотуп, чектөөлөрдү алууну талап кылууда.

“Мен мажбурлоо менен эмдөөгө принципиалдуу түрдө каршымын. Башкача айтканда, муну ар бир адамдын жеке иши деп эсептейм. Адамдын медициналык сыры Конституцияда бекитилген. Анан эмне үчүн дүкөнгө же башка бир коомдук жайга кирүү үчүн кимдир-бирөөгө эмдөө боюнча маалымкат көрсөтүшүм керек?”, - дейт Алена аттуу Киевдин тургуну.

Ал эми бул акцияга катышуу үчүн Житомир шаарынан Киевге келген Алексей аттуу жаран вирустун бар экенине такыр ишенбейт. Ал "оор металлдардын зыяндуу чаңдары авиация аркылуу чачылып, атайын жугузулуп турат" деген жоромолун айтты.

“Учактар асманда учуп баратып, абага атайын алюминий жана стронций сыяктуу оор металлдардын чаңдарын чачышат. Анан албетте, аларды аба менен кошо дем алып, жутабыз. Алар мурун көңдөйү менен оозго кирип тамакты жабыркатат. Анан каякка барат? Ал чаңдар аба менен кошо өпкөгө барып отурат. Биздин организм аны менен күрөшүп, дене табыбыз көтөрүлөт. Анан албетте, өпкө чыдабай, күйүп кетет да”.

Бир жылдан бери инфекцияга каршы күрөшкөн дарыгерлер мына ушундай жоромолдордун айынан калк арасында туура эмес пикирлер жаралып, коронавируска каршы эмдөөнү каалабагандардын катмары пайда болгонуна камтама.

Профессор Сергей Дубров муну психикалык оорулуу адамдын сөзүнө тете адаштыруу дейт.

“Бул ашынган сандырактык. Мен Киевдеги №17 ковид ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө иштейм. Коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну башталгандан бери биздин бөлүмгө бир дагы эмделген адам түшкөн жок. “Учактар, тик учактар бир нерселерди чачып жатыптыр” деген сөздөрдү айткандардын жана тараткандардын психикалык саламаттыгын текшерүү керек”, - деди медицина илимдеринин доктору Сергей Дубров.

Жүздөгөн адам катышкан Киевдеги эмдөөгө каршы акцияда жолдор бөгөлүп, эмдөөнү токотуу жана чектөөлөрдү алып салуу талабы коюлду.

"Жанга күч келгенде жасалма документ жардам бербейт"

Эмдөөгө каршы бул мамилени Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Ляшко мынтип мүнөздөдү:

“Менимче, бул биздин дарыгерлердин үстүнөн шылдыңдоо. Бул тилекке каршы, коронавирустан жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдү мыскылдагандык. Бирок, ишенип коюңуздар, реанимацияга түшкөндө эмдөөгө каршы чыккан эркиңиздер кантип жоголгонун билбей каласыздар. Ал эми жасалма жол менен алган сертификат ал жакта иштебейт”,- деди министр.

Украинада соңку бир суткада 27 399 адам коронавирус жугузуп, 699 бейтап каза тапса, Орусияда чектөөлөргө карабай, вирус 40 миңден ашуун кишиге жугуп, 1995 киши көз жумду. Коронавирусту жугузгандардын 6 миңден ашууну Москва шаарына туура келет. Бул 4-ноябрда жарыяланган расмий көрсөткүч.

Киевдин мэри Виталий Кличко вирус кеңири жайылып, ооруканалардын 80% толуп калганын айткан. Европа Биримдигинде да абал курчуп, Румыния, Латвия сыяктуу айрым өлкөлөр карантин чараларын кайрадан киргизүүнү сунуштоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG