Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Пандемиянын үч сабагы: Эмнени үйрөндүк?


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын саламаттык сактоо тутуму 2020-жылы башталган дүйнөлүк пандемиядан үч оор сабак алган. Үчөө тең өздөштүрүлбөй калган.

Биринчи сабак - жергиликтүү бийлик эпидемияга каршы иш-чараларын уюштурганга, калкты мобилизациялоого даяр эмес экенин аныктады. Бирок ар кандай өзгөчө кырдаалды ошол замат чечүүгө даяр болуу - жергиликтүү бийликтин милдети.

Экинчи сабак - саламаттык сактоо тутумунун негизин саламаттык сактоонун баштапкы тармагы: үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, үй-бүлөлүк медицина борборлору, фельдшердик-акушердик пункттар түзөрүн далилдеди. Булар калктын жашаган жерине эң жеткиликтүү, жакын турган баштапкы тармак. Дал ушулар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, оорулуу адамдарды аныктап, үйдөн жардам көрсөтүп, аларды ооруканаларга жиберип, үйүнө чыкканын калыбына келтирип, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү.

Үчүнчү сабак - жеке медициналык уюмдар саламаттыкты сактоо тутумунун ажырагыс бөлүгү экенин, пандемияга каршы күрөштө, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө болгондой, алгач жана толугу менен катышуусу керектигин көрсөттү.

Үч сабактын маңызы эмнеде? Алар эмнени үйрөттү?

Биринчи сабак: Ден соолук, жарандар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Алгач, калктын саламаттыгын сактоонун натыйжалуу тутуму кандайча уюштурулуп, кандай милдеттерди аткараарын түшүнүш керек.

Биринчи милдети - саламаттыкты сактап, оорулардын алдын алыш керек. Экинчи милдети - медициналык кызматтар жекече болуп, жеткиликтүү, жооптуу, сапаттуу болуш керек.

Ушундан улам саламаттык сактоо кызматтын эки түрүн көрсөтүш керек:

Кызматтын биринчи түрү - санитария, гигиена, коопсуз чөйрө түзүү, сергек жашоо образын жайылтуу чараларын камтыган оорулардын алдын алган кызматтар. Бул тейлөө тармагы "коомдук саламаттык" деп аталып, Кыргызстанда "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Кызматтын экинчи түрү - бул жеке адамдын талабы боюнча көрсөтүлгөн кызмат же "жеке кызмат". Мындай кызматтар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүп, “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Эки милдетти тең жергиликтүү бийликтин катышуусусуз ишке ашырууга болбой турганын түшүнүш керек. Эмне үчүн?

Саламаттык сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

Өлкөлөрдүн баарында мамлекеттин негизин жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүп, бийликтин бирден-бир булагы болгон элге таянат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын бийликке түздөн-түз катышуусуна, күнүмдүк турмушундагы көйгөйлөрүн чечүүгө кепилдик бере алат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таза суу менен камсыз кылып, таштандыларды чыгарып, абанын булганышын алдын алуу үчүн шарттарды түзүп, коопсуз жолдорду куруп, көчөлөргө жарык берип, жөө жүргүнчүлөр менен велосипед тебүүчүлөр үчүн жол салат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калктын саламаттыгына коркунуч туудурган ичкилик жана башка жергиликтүү факторлорго каршы, туура тамактануу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында коомчулукту уюштурууга жөндөмдүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу аярлуу үй-бүлөлөрдү аныктап, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алып, турмуштун оор кырдаалына туш болгон адамдарга ошол замат кам көрүп, саламаттыгын сакташ үчүн мамлекеттик колдоо чараларын тапканга жардам берет.

Дүйнө жүзү боюнча өнүккөн өлкөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык ооруканаларды башкарып, мектеп менен бала бакчаларды куруп, жергиликтүү театр менен музейлерди тейлейт. Жергиликтүү бийлик тез жардам, санитардык авиация жана өрткө каршы кызматын уюштуруп, башкарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдарга, техногендик, табигый кырсыктарга жана эпидемия сыяктуу жугуштуу ооруларга туруштук берүүгө дайым даяр. Мындай коркунуч жакындаганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордогу Саламаттык сактоо министрлиги качан коргоочу костюм менен беткаптарды сатып алып, өлкөгө таратат деп күтпөйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү калкты ошол замат уюштуруп, зарыл болгон алгачкы чараларды биргелешип уюштурганга өз күчү менен каражаттарына ээ. Пандемия, оорулардын башка түрлөрү сыяктуу эле, ар дайым экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга алып келет. COVID 19 учурунда карантин чаралары кыймылды чектеген. Натыйжада, көптөгөн үй-бүлө тапкан күнүмдүк акчасынан айрылып, азык-түлүк тартыштыгына кабыл болушкан . Дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу коомчулуктун лидерлери менен биргеликте, тез арада эң муктаж болгон адамдарды аныктай алат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Европалык Хартиясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын башкарууга катышуусуна кепилдик берген түрдүү демократиялык тутумдун негизги түркүктөрүнүн бири экени айтылат.

Чыныгы ыйгарым укуктарга ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын болушу, ошол эле учурда, жарандарга жакын болгон натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.

Өнүккөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гана саламаттыкты кеңири аныктоочу факторго, анын ичинде, социалдык, экономикалык, экологиялык факторлорго тутумдуу таасир эте алат. Ошону менен бирге илимий далили бар саясий иш-чараларын жүзөгө ашыруу аркылуу адамдын жүрүм-турумуна да таасир этет.

Саламаттык сактоо маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу саламаттыкты сактап, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын жайылышын алдын алууга жөндөмдүү болгон башкы орган.

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу калктын саламаттыгын сактай алабы?

Конституциялык кепилдиктерге карабастан, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жогоруда аталаган милдеттерди аткара албай келет. Мунун негизги себептери - алардын мамлекеттик органдардан саясий көз карандылыгы менен бюджетинин аздыгы. Жалпы улуттук бюджеттин 30% дан азыраагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калса, өлкө өнүгө албайт деп эсептелет.

Кыргыз Республикасында өлкөнүн жалпы бюджетинин 12% гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнөт. Буга эл аралык трансферттер менен Бишкек шаарынын бюджети да кирген. Салыштырсак, Түндүк Европа мамлекеттерде жергиликтүү бюджеттер улуттук бюджеттин 70% на чейин жетет. Кыргызстанда борбордук бийлик бюджеттин 88% ын ээлеп алган. Ушудан улам эбегейсиз мамлекеттик аппарат, натыйжасыз чечимдер, коррупция, жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши келип чыккан.

Пандемия Кыргыз Республикасында ашыкча борбордоштурулган мамлекеттик башкаруунун шалакылыгы менен жөндөмсүздүгүн ачык айкын көрсөттү. Борбордук деңгээлде кетирилген каталардын баасы жалпы өлкө үчүн өтө чоң болгон.

Ошентип, Кыргызстандагы борбордук бийликтер бир топ ыйгарым укуктар менен республикалык бюджеттин олуттуу бөлүгүн ээлеп, бирок пандемиянын чечүүчү учурунда коюлган милдеттерди аткара алган жок.

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шашылыш инфекциялык коркунучка каршы иш-чараларды тез арада уюштура алган жок. Анткени аларда калктын саламаттыгын коргогон саясий, административдик ресурстары жок.

Ыктыярчылар, өз ара жардам менен өз ара колдоо жөнүндө: субсидиярлуулук принциби эмнени билдирет?

Пандемия учурунда мамлекеттик ишмерлер ажалга алып келүүчү кенебестик менен жалпы жөндөмсүздүгүн көрсөтүшсө, жөнөкөй жарандар өз ара колдоо менен бири-бирине жардамдашуунун кубаттуу күчүн көрсөткөн.

Коргоо костюмдары менен беткаптарды тигүүгө шашылган ыктыярчылардын чоң кыймылы көтөрүлгөн. Эл штаб ачып, акча чогултуп, азык-түлүк жардамын таратып, дары-дармектерди чет өлкөдөн алып келип, инсулинди үй-үйлөргө жеткирип, күндүзгү борборлорду ачып, муктаждарды ооруканаларга жеткирүүгө жардам берген. Пандемия жарандардын эбегейсиз дарамети менен тилектештикке умтулуусун көрсөттү.

Айрыкча, таң калтырган жагымдуу нерсе - бул Кыргызстандын жаш муундарынын деми, алардын эрки, күчү жана жөндөмдүүлүгү. Көрсө, Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн, коомчулугунун көйгөйлөрүн чечкиси келет жана чече алышат экен да. Демек, алар мамлекеттик башкарууга катыша алышат жана саламаттыкты сактоо боюнча тез, натыйжалуу чечимдерди таба алышат.

Пандемия убагындай жарандар мамлекеттик башкарууга толук кандуу катышып, көйгөйлөрүн чечиш үчүн эмне керек? Бул үчүн мүмкүн болгон бардык кызматтарды жергиликтүү деңгээлде көрсөтүш керек. Мындай ыкма " субсидиярлуулук " принциби деп аталат.

Субсидиярлуулук принциби жарандык инфантилизмге (жарандык жактан жетиле электигине) жана патерналисттик мамлекетке карама-каршы келет. (Патерналистик - бийликтер жарандардын негизги муктаждыктарын камсыз кылган мамилелер тутуму, ал эми жарандар болсо, бийликтин коомдук жана жеке мүнөздөгү жүрүм-турумдарды чектөөлөргө баш ийишет).

Адамдарга жакын болгон башкарууда, ар бир жаран тиги же бул көйгөйдү тез, эффективдүү жана арзан чечүүнү сунуш кыла алат. Пандемия учурунда ыктыярчылар тарабынан COVID муктаждар үчүн “Tирек” санарип аянтчасын иштеп чыкканы инновациялык жарандык сунуштардын жаркын мисалы боло алат. Бизнес өкүлдөрү да пандемияга жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү максатында, ооруканаларга кайрымдуулук жардамдарынын натыйжаларын көрүш үчүн санариптештирүүнү колдонушкан. Бул аянтча ар бир ооруканада жеке коргонуу каражаттар, дары-дармек жана шаймандарга болгон муктаждыкты катардагы медайымдар өз колу менен белгилейт деп болжолдогон.

Мындан ары да, ушул эле аянтча аркылуу ооруканалардын имараттары, алардын абалы жөнүндө кызматкерлердин саны жана алардын квалификациясы; лабораториялардын, автоунаалардын жеткиликтүүлүгү ж.б. маалыматтарды киргизүүгө мүмкүн эле.

Бул ой жөнөкөй жана гениалдуу болуп, өлкөнүн бардык саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө маалыматтын толук ачыктыгын камсыз кылган. 2020-жылдын 1-майында, эпидемиянын кеңейген этабына бир ай калганда, Бишкек шаарынын мэрия тарабынан колдоо аркылуу “Тирек” аянтчасы пилоттук режимде иштей баштаган.

Тилекке каршы, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынган адам өмүрүнө маанилүү бул демилгеге Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөт мүчөсү тыюу салган. Кийинчерээк мамлекеттик органдардын баары " гуманитардык жардамды ким уурдаган" аттуу аңчылыгын баштаган. Бирдиктүү санарип аянтчасында ар кандай булактардан келген гуманитардык жардамдын бардык түрлөрү жөнүндө маалымат чогултуш үчүн “Тирек” аянтчасы иштелип чыккан эле.

Бир да борбордук мамлекеттик орган чачыранды маалыматтарды баарын чогулта албайт болчу. Бирок ооруканалар менен жарандар өздөрү биргелешип, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жардам берген. “Тирек” санарип аянтчасына тыюу салуу - борбордук органдар иштей албаганынын, ошону менен бирге, жарандар менен муниципалитеттерге көйгөйдү чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышынын айкын мисалы.

"Субсидиярлуулук" принциби боюнча өкмөт "өйдөдөн ылдый" эмес, "ылдыйдан өйдө" жүрүшү керек. Бул үй салгандай эле да. Үй курганда ким чатырдан баштайт? Адамдар үйүн минтип салбайт.

Бирок Кыргыз Республикасы дал ушундай уюшулган: ыйгарым укуктар менен каражаттын 88% чатырда , ал эми пайдубалда - 12%. Ошондуктан бул үй мезгил-мезгили менен кыйрап турат.

Кыргызстандын жарандары кыйроону "революция" деп атап, бийликке келген кийинки режимдерге солкулдаган туруксуз пирамиданы калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Пандемия учурдагы түзүмдүн натыйжасыз жана жарандардын саламаттыгы менен өмүрүнө кооптуу экенин дагы бир жолу көрсөткөн.

Саламаттыкты сактоодо мектептер менен мечиттердин ролу жөнүндө

2010-жылдагы, көптөгөн адам өлүмдөрү менен коштолгон, өзгөчө кырдаалдан кийин Кыргызстандын жарандары психикалык саламаттыгына таасир эткен олуттуу көйгөйдү башынан өткөрүшкөн. Ал күндөрү көбү мектептерден колдоо издеп, мугалимдер жөнөкөй адамдардан көбүрөөк билет эмеспи, кеңеш менен жардам бере алат деген ишенимдерин изилдөөлөр көрсөткөн. Бирок мугалимдер өздөрү да ушундай стрессти баштан кечирип, окуучулар менен алардын ата-энелерине жардам бере алышкан жок.

Коронавирустук пандемия учурунда зарыл маалыматты жайылтууда мектептердин өзгөчө ролу байкалган эмес. Ошол эле учурда, мектептин негизги милдеттеринин бири - балага турмуштук көндүмдү, анын ичинде гигиена, санитария жана физикалык, психикалык саламаттык сактоонун негиздерин үйрөтүү. Бул билим мектеп окуучулары аркылуу алардын үй-бүлөсүнө, андан кийин жергиликтүү жамааттарга жетет.

Тилекке каршы, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун өтө төмөн көрсөткүчтөрүн изилдөөлөр белгилейт: балдардын 80% окуган маалыматтын маанисин түшүнүү жөндөмү жок бойдон мектепти аякташат. Ушул эле көрсөткүчтөр окуучулардын математика жана табигый илимий сабаттуулугунда орун алган. Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатышат. Мектеп директорун сынак аркылуу тандап, мезгил-мезгили менен аттестациядан өткөрүп туруу сунушталган. Бул мектепте билим берүүнү өркүндөтүүгө багытталган өтө маанилүү кадам.

Жарандар менен билим берүү адистеринин демилгелүү тобу депутаттарга кайрылып, "аттестациянын" ордуна мектеп директорунун кызмат ордуна талапкер "мектепти өнүктүрүү программасын" сынак комиссиясына жакташ керек деген сунуш менен кайрылышкан.

Программанын түзүмүндө үч негизги тапшырманы аткаруу боюнча талапкердин көз карашы болушу керек:

  • Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу чаралары аркылуу окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу.
  • Окуу процессине аярлуу катмардагы балдарды аралаштыруу.
  • Мектеп менен жергиликтүү жамааттын ортосунда байланыш түзүү.

Коомдук саламаттык сактоо жагын алганда мектептин ушул үч негизги максаттарынын үчүнчүсү абдан маанилүү. Мектеп жамааттын бир бөлүгү болуп саналат. Анда дени сак, коопсуз жүрүм-турум калыптанып, жеке жана жамааттык деңгээлде жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын жайылышына жол бербөө боюнча окуучуларда көндүм өнүгөт. Тилекке каршы, учурда Кыргызстандагы мектептер бул милдетти толугу менен аткарбай жатышат.

Диний мекемелер калктын саламаттыгын сактоодо бирдей маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстанда миңдеген адам мечиттерге барат. Пандемия учурунда коронавирустун жайылышына каршы күрөштө кыргыз мечиттеринин ролу көрүнүктүү болгон жок. Мисалы, Түркияда мектеп мугалимдери, дарыгерлер менен дин кызматкерлери биргеликте иштешет. Социалдык тармактарда жергиликтүү имамдар өздөрү оорулуу же инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар адамдарды телефон аркылуу чакырышаарын Түркияда жашаган кыргыз жарандары билдиришкен. Алардын кеңештеринин деңгээли үй-бүлөлүк дарыгерлердикинен кыйла айырмаланбайт.

Шайлоо учурунда башкаруучу режим тарабынан мектеп менен мечиттердин дарамети, жергиликтүү жамааттарга, адамдардын жүрүм-турумуна таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү толугу менен пайдаланылат. Бирок, Кыргыз Республикасында бул маанилүү мекемелер коомдук саламаттыкты сактоо максатында азырынча керектүү ролду ойной элек.

Саламаттыкка байланыштуу пандемиянын биринчи сабагы боюнча бул макаланы жыйынтыгында автор мындай тыянак чыгарат:

Жергиликтүү бийлик калктын саламаттыгын сактоодо оорулардын алдын алуу максатында негизги ролду ойнош керек.

Кыргызстандын жарандары өз саламаттыгын сактоого, жашоосун башкарууга даяр жана жөндөмдүү. Алар өз мамлекетин башкарып, мыкты чечимдерди сунуш кыла алышат. Кыргызстандын жарандары тилектештик менен өз ара жардамдашуунун терең күчүнө ээ.

Мектеп менен мечиттер саясатка тартылбай, мамлекеттик органдар тарабынан тымызын башкаруудан корголуш керек. Ошондо алар жергиликтүү жамааттар үчүн саламаттыкты сактоо боюнча билим менен көндүм булагы боло алышат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана шаарлардын мэрлерин түз шайлоо аркылуу мамлекеттик органдардан саясий көз карандысыздыкка ээ болуш керек.

Республикалык бюджет кеминде 30:70 катышында адилеттүү бөлүштүрүлүп, 50:50 катышына умтулуш керек. Калкка кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик деңгээлде чечиле тургандын башкасынан баары, негизинен, жергиликтүү деңгээлде гана аткарылышы керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык иш-чара жана ишмердүүлүк Кыргызстан элинин саламаттыгы менен келечегине каршы багытталган.

Бурул Макенбаева, саламаттык сактоо боюнча эксперт

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG