Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Дары арзандайт, өкмөт бааны кантип көзөмөлдөйт?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда элге керектүү делген 500дөн ашык дары-дармектин баасы арзандатылды. Кайсы дарылардын баасы түшкөнүн, алардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти жарыялады. Мамлекеттик органдар баалар тыкыр текшерилет деп убада бергени менен дарыканаларды көзөмөлдөөнүн механизми толук иштелип чыга элек.

Жалал-Абад шаарынын тургуну – Бакыт Расулов саламаттыгына байланыштуу кардиомагнил дарысын ичип турат. Ал жумуштары менен Бишкекке келгенде бул дарыны көбүрөөк сатып алганга аракет кылат, анткени ал жашаган аймакта Бишкекке караганда 40-50 сомго кымбат:

"Эмнеге бүт аймактарда дарылардын баасын бирдей кылганга болбойт? Суусундук же башка товарлардын баасында айырма дээрлик жок го. Адамдардын саламаттыгынан пайда көрүүбү бул? Аймактарды кой, жанаша турган дарыканаларда бир эле дары ар кайсы баада сатылат".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-ноябрда тараткан маалыматына караганда, мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен саламаттыкка өтө зарыл дары-дармекти арзандатуу ишин жүзөгө ашырды. Ага ылайык, Бакыт Расулов колдонгон кардиомагнил дарысы эми мурдагыдай 452 сом эмес, 406 сомдон сатылышы керек.

Расмий маалыматта айтылгандай, жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон дарылар аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10%-68% чейин төмөндөтүлдү. Азырынча баалар кандайча кымбаттатылганы жана наркын төмөндөтүүдө колдонулган ыкмалар айтылган жок.


Дары-дармек базарындагы абал 13-октябрда парламентте көтөрүлүп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып ага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген.

Эми баалардын реалдуу абалына такай мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин pharm.kg сайтына жарыяланып турат.

Дары саясатын жүргүзгөн аталган департаменттин Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов арзандатылган препараттардын айрымдарын айтып берди:

"Мисалы, авастин дарысы буга чейин 21 063 сомдон сатылган, азыркы баасы 42% түшүрүлүп, 12 217 сом болду, Актемра мурда 40 885 сомдон сатылчу, эми 30 664 сом болду, тагыраагы 25% арзандады. Булар шишик ооруларга колдонулат. Диротон дарысы мурда 290 сом болчу, эми 205 сомго арзан болот".

Дары саткан ар бир компаниянын тизмеси өз-өзүнчө жазылган. Мамлекеттик органдар баа тыкыр текшерилет деп убада бергени менен дарыканаларды көзөмөлдөө жагы эми такталууда.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, фармацевтика тармагында жемкорлукка каршы кылмыш иши козголбойт. Аша чапкандарга чара көрүү Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине жүктөлүп, 1000 сомдон 15 миң сомго чейинки айыппул менен чектелет.

Текшерүүгө мораторий киргизилгендиктен Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги да дары рыногуна таасир эте алган эмес. Мекеменин директору Кеңешбай Тайлаков мындан аркы аракеттер тууралуу айтып берди.

"Жаңы эрежелерди киргизип жатабыз. "Антимонополдук комплаенс" деп коёт. Бул ыкма башка мамлекеттерде колдонулат. Тагыраагы, бул ыкма - мекемелер чогуу бир эрежеге келүүсү. Ушул жол менен дары-дармек тармагына таасирибизди күчөтөлү деген сунушту бердик".

Тайлаков дарыканалардын саны өтө көп болгондуктан, көзөмөлдөө жагы оор экенин бегиледи.

"Азаттык" 11-ноябрда Бишкектеги айрым дарыканаларга баш багып, арзандатылган баалар тууралуу сурады. Кээ бирлери тастыктады, бирок көпчүлүк дарыканаларга тизме толук жете электигине күбө болдук.

Таластын Манас районунун тургуну Хан-Темир Өмүрзаков дарыларды арзандатууга болгон аракет ушул бойдон калып кетпесе экен деп турат.

"Дары-дармек сатып алуу чындыгында элге кыйынчылык жаратып жатат. Оорунун да, дарынын да түрү көбөйдү".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Кирешелүү деп сыпатталган дары базарында айланган каражаттын эсебин адистерден тактай алган жокпуз. Бирок аткезчилик менен Кыргызстанга бир жылда 5 миллиард сомдук дары келери расмий маалыматтарда айтылган.

"Азаттыктын" архиви: Көмүскөдөгү дары бизнеси

XS
SM
MD
LG