Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Рак оорулуу балдарга жардам берүү максатында радиомарафон өтөт


Кыргызстанда рак оорулуу балдарга жардам берүү максатында бүгүн, 30-ноябрда радиомарафон өтөт.

Маалыматтык өнөктүк күн бою уланып, бейтаптардын жана дарыгерлердин окуялары тууралуу уктуруулар ар кайсы радиолордо обого чыгат.

Аны уюштурган “Жардам берүү оңой” коомдук фонду онкологиялык дарттан жапа чеккен балдарга 1000 кайрымдуу адамды таап, туруктуу жардам берүүсүн уюштурууну көздөйт.

Расмий эсепте Кыргызстанда 27 миңге жакын адам рак менен ооруйт. 2019-жылдын статистикасы боюнча, алардын арасында 18 миңи аял, 2,5 миңге жакыны балдар.

Радиомарафонго "Азаттык", "Биринчи радио", "Авторадио", "Спутник Кыргызстан", "Ысык-Көл толкуну" жана "Европа плюс" радиолору катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG