Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Навальныйдын штабында иштеген мурдагы координаторлор Орусиядан чыгып кетүүдө


Навальный.
Навальный.

Кремлдин сынчысы, камактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын штабында иштеген координаторлордун жарымына жакыны өлкөдөн чыгып кеткенин же кетүүгө камынып жатканын "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

Гезиттин эсебинде мурдагы 38 координатордун 14ү Орусиядан сыртта, үчөөнүн кайда экени белгисиз, дагы экөө эмиграцияны көздөп турат.

"Айрым мурдагы координаторлорго административдик жана кылмыш иштери козголгондон улам Орусиядан чыгуу кыйынга турат", - деп белгиледи басылма.

Кылмыш иштерине буга чейин сегиз активист айыпталып, дагы экөөнүн тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Оппозициялык саясатчынын төрт тарапкери соттолгон.

Былтыр ууланып Германияда дарыланган Навальный жыл башында Орусияга келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG