Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү башталды


Сүйлөшүүлөр өтүп жаткан Кобург сарайы. Вена, 29-ноябрь 2021-жыл
Сүйлөшүүлөр өтүп жаткан Кобург сарайы. Вена, 29-ноябрь 2021-жыл

Венада 2015-жылкы өзөктүк келишимди жандандырууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Бул тууралуу Евробиримдиктин делегациясынын маалымат катчысы Твиттерге жазды. 29-ноябрда түштөн кийин башталган сүйлөшүүлөрдө Тегеран каршы болгондуктан, Иран менен АКШнын өкүлдөрү тикелей жолугушпайт.

Шаркеттин чабарманы Энрике Мора Иран, Орусия жана Кытай өкүлдөрү менен кездешкенден кийин маселени Европанын жана АКШнын делегациялары менен талкууларын билдирген.

Австриянын башкалаасындагы сүйлөшүүлөр быйыл жайында Ирандагы президенттик шайлоону ашынган консерватор Ибрахим Раиси жеңгенден киийн токтоп калган.

2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран программа тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG