Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Күч органдары Мияров атайын кызматка чакырылбаганын билдиришти


Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.
Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун эки күндөн бери кайда экени дагы эле белгисиз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да, Ички иштер министрлиги да анын суракка чакырылбаганын билдиришти.

Мияровдун дайынсыз экенин туугандары кабарлашкан. Ал жекшемби күнү Бишкектеги №44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон келген эмес. Жакындары саясатчыны УКМК кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Азырынча милицияга арыз бериле элек.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан "Ордо" партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG