Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Иманкулов: БШК сайтындагы мүчүлүштүк эки тизме кошулгандан чыккан


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Ала-Тоо-24" телеканалында маек берип жатып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруудагы Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде болгон мүчүлүштүктү түшүндүрдү. Иманкулов бүгүн, 29-ноябрда президент Садыр Жапаров БШКнын мүчөлөрү менен кошо жыйын өткөрүп, серверде эмне болгонун сураганын айтты.

"Бүгүн президент чогултуп эмне болдуңар, ушунча таза келатып эмне болуп кеттиңер деди. Адистер түшүндүрүп берди. Урналардан келген жыйынтыкты мониторго чыгарууда элге түшүнүктүү болсун үчүн бир саптарды киргизебиз деп жатканда токтоп калыптыр. Утулуп калгандар добуштар бурмаланып, эки эсе көбөйүп барып, кайра эки эсе түшүп калды деп жатпайбы. Чынында эле ошондой болгон экен. БШКнын адистери аны танган жок, чын эле ошондой болду деп жатат. Жанагы эки саптагы санды кошкондо эки эсе көбөйүп кетиптир. Анан ал мүчүлүштүктү жойгондо ордуна келиптир”.

Марат Иманкулов шайлоо жыйынтыгы кол санактан кийин расмий чыгарын, ага чейин шек санаган партияларга БШК серверинде болгон мүчүлүштүктү көргөзүп берүүгө даяр экендигин айтты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле утулган партияларды жеңилгенди үйрөнүүгө чакырды.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Автоматташтырылган система кайра ишке киргенден кийин партиялар алган добуштардын көрсөткүчү өзгөргөн.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

XS
SM
MD
LG