Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Жылкыбаев: Автоматтык эсептөө системасындагы мүчүлүштүк шайлоого көө жапты (видео)


Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыктары чыгып жаткан учурда автоматтык эсептөө системасынын үзгүлдүк учурашы - жалпы таза өткөн шайлоого көө жапты.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги учурунда "Азаттык" радиосуна билдирди:

"90 күндүк өнөктүк учурунда эбегейсиз өнөктүк жүргүздүк. Добуш берүү жараяны ачык-айкын, жакшы өттү. Шайлоочулардын добуш берүүгө аз келгени - быйылкы шайлоолордун көп болгонуна, ошол эле учурда административдик басым болбогонунун жыйынтыгы. Элди ташып келүү болгон жок. Бирок автоматтык эсептөө системасындагы мүчүлүштүк шайлоо жараянына көө жаап койду. БШКнын мүчөсү катары мага бийликтен эч кандай басым-кысым болгон жок. Талапкерлерди четтетүүдө да мыйзам боюнча гана иштедик".

Узарбек Жылкыбаев учурда добуштарды кол менен эсептөө уланып жатканын айтып, бардык жыйынтык кол санак бүткөндөн кийин чыгарыларын кошумчалады.


Ушул тапта Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп жатат.

29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен”, Социал-Демократтар, “Азаттык” жана “Улуттар Биримдиги” партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүп, күндүз БШКнын алдында нааразылык акциясына чыгарын билдирген.

Чогулгандар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG