Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Хорогдо нааразылык акциясы токтоду


Хорог шаарындагы нааразылык акциясы. Ноябрь 2021-жыл
Хорог шаарындагы нааразылык акциясы. Ноябрь 2021-жыл

28-ноябрда Тажикстандын Хорог шаарында 4 күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясы токтоп, чогулгандар тарады. Маалыматты Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жергиликтүү бийлиги жана активисттер бышыктады.

Коомдук тартип тажик бийлиги менен жарандык коом өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин калыбына келтирилди. Мекеме аралык штаб Хорогдо ушу тапта коомдук транспорт, соода түйүндөрү, калкты тейлөө борборлору иштеп жатканын кабарлады. Бир күн мурун шаар тургундары аскердик блокпосттордун көбү алынганын айтышкан.

10 саатка созулган сүйлөшүүгө катышкан активисттердин бири "Азаттык" радиосунунун тажик кызматына айтып бергендей, бийлик митингчилердин талаптарын аткарууга көндү, аларды куугунтуктабоо жана Гүлбиддин Зиебековдун өлүмүнө шектүүлөрдү сот жообуна тартууга убада берди.

Жекшембиде Тажикстандын жарандык коомунун өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго кайрылуусунда тынч акцияга чыккандарды кармоо маалында адам өмүрү кыйылганына, бир топ киши жарадар болгонуна тынчсыздануусун билдиришкен жана ал учурларды териштирүүгө чакырган.

25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиебековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан.

Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктады. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.

Маркумдун жакындары ал күч органдарына каршылык көрсөткөн деген маалыматты четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG