Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Талапкер Атазов №8 Төлөйкөн шайлоо округунун жыйынтыгын сотко берет


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Оштогу бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан шайлоого катышкан Шайлообек Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгын билдирүүдө. Атазов округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сотко кайрыларын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти. Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм", - деди ал.

Шайлообек Атазов округдагы участоктордун баарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайрадан санап чыгууну талап кыларын айтты. Ал учурда Оштун борбордук аянтына чыгабыз деп турган тарапкерлерин тыйып, маселени мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатканын 29-ноябрда журналисттерге билдирди.


№8 Төлөйкөн шайлоо округунан баштапкы маалыматтар боюнча Нурбек Алимбеков алдыга чыккан.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланды.

Ал эми партиялык тизме боюнча шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды жана дооматтар далилденсе, Боршайкомдун мүчөлөрү жоопко тартыларын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айткан. Бүгүн БШК бул боюнча түшүндүрмө берерин кабарлады. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG