Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Шайлоодо колдонулган бюллетендердин 10% жакыны жараксыз болду


Шайлоодон кийин бюллетендер текшерилип жаткан учур. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Шайлоодон кийин бюллетендер текшерилип жаткан учур. 28-ноябрь, 2021-жыл.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн колдонулган бюллетендердин 9,64%, тагырагы 116 246сы жараксыз деп табылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) туура эмес белгиленген, таптакыр белги коюлбаган ж.б. бюллетендер эсептен чыгарылганын билдирди.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
"Ишеним" - 13
"Ынтымак" - 10
"Альянс" - 8
"Бүтүн Кыргызстан" - 6
"Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллион ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга кайрылып,
бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды жана дооматтар далилденсе, Боршайкомдун мүчөлөрү жоопко тартыларын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айтууда.

Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партиядан миңден ашуун, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG