Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы расмий жарыяланды


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы добуштардын эң көбүн алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 21:30дагы брифингде билдирди.

Бул партияны коомчулукта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге байланышы бар экени айтылат. Партия лидери Айбек Маткеримов теледебатта “Ташиевге эч кандай тиешеси жок" экенин айткан.

Саат 22:00гө карата 2300гө жакын шайлоо тилкесиндеги добуштардын жыйынтыгы борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгына караганда алты партия 5% чектен өттү.

Бир мандаттуу округдардын талапкерлери боюнча да алгачкы жыйынтыктар чыга баштады. Ал маалымат төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн:

Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Система иштебей калган учурдагы скриншот.
Система иштебей калган учурдагы скриншот.

Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кыскарды. Бул жагдай "Ата Мекен", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялардын мүчөлөрү тарабынан "көз боёмочулук" катары сыпатталууда. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров да жыйынтык бурмаланып жатканын билдирди. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөрүүлөр болгонун айтты.

Президент Садыр Жапаров добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасап, шайлоо таза өткөнүн белгиледи.

Шайлоодо 21 партиядан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Жалпы добуштардын 5% чегинен өткөн партиялар парламенттеги 54 мандатты бөлүшүшөт. Бир мандаттуу округдарга 36 мандат берилет.

Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

2021-жылы жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеште 90 депутат болот.

Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты.

Шайлоонун жыйынтыгы алгач автоматташтырылган системада саналып, кийин колдо эсеп жүргүзүлөт. Андан кийин расмий эсеп жарыяланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG