Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Шайлоо: Акылбек Жапаровдун маалымат жыйыны болбой калды


Оштогу добушканалардын бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Оштогу добушканалардын бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саат 22.10го белгиленген маалымат жыйыны болбой калды. Бул тууралуу анын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"БШКдан так түшүндүрмө күтүп жатабыз. Ушул орган гана жыйынтык чыгарат" деп жазды Байсалов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды эсептеген системасы шайлоо тилкелери жабылгандан кийин бир канча жолу үзгүлтүккө учурады. Добушканалар жабылгандан кийинки эсепте партиялардын добуштарын кошуп эсептегенде 150% ашып кетип жаткан эле. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.


Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өттү. Бул электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы.

Саат 21:00га карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташтырылган системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.93%
  • "Ишеним" - 13,57%
  • "Ынтымак" - 10,89%
  • "Альянс" - 8,29%
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6,78%
  • "Ыйман нуру" - 6,04%

Шайлоодо 21 партиядан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Жалпы добуштардын 5% чегинен өткөн партиялар парламенттеги 54 мандатты бөлүшүшөт. Бир мандаттуу округдарга 36 мандат берилет.

Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

Бир мандаттуу округдардын талапкерлери боюнча да алгачкы жыйынтыктар чыга баштады.

2021-жылы жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты. Шайлоонун жыйынтыгы алгач автоматташтырылган системада саналып, кийин колдо эсеп жүргүзүлөт. Андан кийин расмий эсеп жарыяланат.

XS
SM
MD
LG