Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып жатканын айтты


Адахан Мадумаров добуш берүү учурунда. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Адахан Мадумаров добуш берүү учурунда. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алды:

"Мына көрдүңүздөр, бир аз убакыт мурда эле БШК жалпы 1,2 млн. чамалуу шайлоочу добуш берди деп маалымат берип жаткан. Мына, азыр көрүп турасыздар, бийликчил төрт партия миллион чамалуу добуш алды деген маалымат пайда болду. Калган үч партияга 200 миң добушту кантип бөлүп берет? Мен шайлоо учурунда бийликтин - эки достун жана элдин таймашын гана көрдүм. Азыр эми кечээ пайда боло калган төрт партия ийгиликке жетишип жатат".

Мадумаров аралаш система менен шайлоого добуш берүүнү шайлоочулар түшүнбөй калганын да кошумчалады.

Добуш берүү аяктагандан кийинки алгачкы баштапкы жыйынтыктарда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 11,13% жеткени кабарланган. Көп өтпөй Боршайкомдун сайтындагы добуштарды саноо системасы бузулуп калды. Андан кийинки көрсөткүч боюнча "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 6,82% добушка ээ болду.

Бир аз убакыт мурда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу президент Садыр Жапаров түз эфирде сүйлөп, шайлоо таза, бийликтин аралашуусуз, акыйкат өткөнүн белгиледи. "Бүтүн Кыргызстан" - оппозициядагы партия.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына 28-ноябрдагы шайлоо аралаш система менен өттү. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG