Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

БШКнын добуштарды эсептеген системасы үзгүлтүккө учурады


Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар сааат 20.00до жабылды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар сааат 20.00до жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калды. Азыр сайтта добуштардын 86% ашыгы эсептелгени тууралуу гана маалымат турат жана аймактык шайлоо комиссияларынан келген маалыматтар көрүнбөй калды.

Буга чейинки жарыяланган эсепте партиялар алган добуштардын пайызын кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылган. БШК азырынча саат 20.00гө карата канча адам добуш бергени тууралуу соңку маалыматтарды бере элек.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болгон. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% түзгөн.

Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG