Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

ИИМ: шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 68 факт катталды


Улан Ниязбеков
Улан Ниязбеков

Бүгүн, 28-ноябрда эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча ички иштер органдарына 68 арыз келип түшкөн. Арыздардын басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет (21 арыз). Жалал-Абад жана Ысык-Көлдө бирден факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифингде билдирди.

"Бул көрсөткүчтөр акыркы көрсөткүч эмес. Маалыматтарды өз учурунда милицияга кабарлай албай калган тараптар, байкоочулар, активдүү жарандар жана партиялар, талапкерлер кошумча маалыматтарды билдириши толук мүмкүн. Келип түшкөн бардык маалыматтарга мыйзам чегинде тиешелүү чара көрөбүз", - деди министр.

Ал республиканын аймагында коомдук-саясий кырдаал туруктуу экенин билдирип, одоно тартип бузууга жана элдин тынчын алууга жол берилбей турганын кошумчалады.

Мындан сырткары шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына дагы өзүнчө арыз-даттануулар келип түшкөн. Байкоочу уюмдар мыйзам бузуулар боюнча өзүнчө маалымат чыгарууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылды.

Бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG