Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Бишкек абанын булганышы боюнча индексте алдыңкы катарда


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

World Air Quality уюмунун 28-ноябрдагы иликтөөсү боюнча Бишкек абанын булганышы боюнча алдыңкы 10 шаардын ичине кирди. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 177ни көрсөттү.

Аталган уюмдун иликтөөсүнө караганда, биринчи орунда Индиянын Дели шаары турат. Кийинки орундарды Пакистандын Лахор, Кытайдын Пекин, Ооганстандын Кабул жана Бангладештин Дакка шаарлары ээледи. Бишкек 6-орунда турат.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтындагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилген.

Индекс (AQI) азыр 177 деп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр интернетте тынымсыз жарыяланып келет.

Бишкектеги ыш: көйгөй качан чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:11 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG