Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Шайлоо-2021: Чет өлкөдө шайлоочулардын 8% жакын добуш берди


Римдеги добушканадагы шайлоо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл. Италия
Римдеги добушканадагы шайлоо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл. Италия

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде 59 добушкана ачылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 18:00дөгү маалыматына караганда, 84 128 шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди.

Буга чейин Түштүк Сахалин, Владивосток, Иркутск аймактарында жана Жапониядагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланган.

Добушканалардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG