Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Садыр Жапаров Ашхабаддагы саммитте жаратылышты коргоого чакырды


Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде. Ашхабад, Түркмөнстан. 28-ноябрь, 2021
Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде. Ашхабад, Түркмөнстан. 28-ноябрь, 2021

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө уюмдагы өнөктөштөрүн жаратылышты сактап калууга чакырды. Мамлекет башчысы абадагы көмүртекти азайтууда жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.

"Бул COVID-19 пандемиясынан кийин "жашыл экономиканы" калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЭКУ мейкиндигинде климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт".

Президент Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын айтты. Анын сөзүнө караганда, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын өзөгү болмокчу. Ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун арттыруучу жана аны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү - Борбор Азия аймагын экологиялык электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө болот.

Садыр Жапаров Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышып жатканын, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Мындан тышкары, "Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулушун тездетүүгө маани берерин кошумчалады.

Бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.

Уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.

Жапаров саммиттин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту. Расмий маалыматка ылайык, анда эки тараптуу алака-катышты, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Садыр Жапаровдун июнь айындагы Ашхабадга болгон сапарында тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG