Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Орусия: шахтада жарылуу болгондо ишин "жууган" мэр кызматтан алынды


Кемероводогу Листвяжная көмүр кениндеги аварияда каза болгон шахтерлорду жана куткаруучуларды эскерүү
Кемероводогу Листвяжная көмүр кениндеги аварияда каза болгон шахтерлорду жана куткаруучуларды эскерүү

Орусиянын Кузбасс облусунун губернатору Сергей Цивилев Прокопьевск шаарынын мэри Вячеслав Старченкону кызматынан бошотту.

Листвяжная шахтасында кырсык болгон күнү ал жаңыдан кызматка дайындалганын "майлап", банкет уюштурган.

Старченко 25-ноябрда бир күн гана мэрлик кызматка отурду. Буга чейин ал санаторийдин директору, башкы дарыгер, шаар башчысынын орун басары болуп иштеген.

Анын кызматка киришүү аземине облустук парламенттин спикери Алексей Зеленин жана шаардын ардактуу атуулдары катышкан.

Жергиликтүү "Ваши Новости" басылмасы бул салтанаттан кийин "Лагуна" кафесине чогулгандардын жабык банкетинин видеосун жарыялады.

Старченко өзү видеодо жок экени, бирок кадрда шаардык кеңештин депутаттары жүргөнү белгиленген.

25-ноябрда Листвяжная шахтасында метандын жарылуусунан 51 адам каза болгон. Алардын арасында 46 шахтер жана беш куткаруучу бар.

Кемеров облустук соту Листвяжная шахтасынын директору Сергей Махраковду, директордун биринчи орун басары Андрей Молостовду жана "Ростехнадзордун" жергиликтүү бөлүмүнүн инспекторун эки айга камакка алды.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде алардын баары жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жардыруу учурунда шахтада 285 шахтер болгон, анын ичинен 46 шахтер жана беш куткаруучу каза болду.

Соңку 20 жылда Орусияда адам өмүрүн алган 23 шахта кырсыгы катталган. Алардын 14ү Кемеров облусунда болгон.

XS
SM
MD
LG