Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Орусиянын Эл артисти Александр Градский көз жумду


Александр Градский
Александр Градский

Орусиянын Эл артисти Александр Градский 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу 28-ноябрда "Известия" басылмасына таянып, ТАСС агенттиги кабарлады.

26-ноябрда ырчы инсультка шектелип ооруканага жеткирилген. Эки күн бою ал оор абалда реанимацияда жатканы кабарланды. Ал мурда коронавирустан ооруп айыккан.

Александр Градский 1949-жылы 3-ноябрда Орусиянын Челябинск облусунда туулган. Ал ырчы, музыка жаратуучу, акын жана орус рок-музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары коомчулукка белгилүү.

Кийинчерээк “Александр Градскийдин хит-парады” аттуу автордук радиопрограммасы менен чыгып, Юрий Шевчуктун, Виктор Цойдун, Александр Башлачевдин жана башка көптөгөн ушул жанрдын өкүлдөрүнүн чыгармалары менен кеңири аудиторияны тааныштырган. Градский бир катар советтик рок-фестивалдарды уюштурууга да катышкан.

1970-жылдары Градский көркөм тасмаларга музыка жаза баштаган. Ал отуздан ашык көркөм, документалдык жана анимациялык фильмдердин музыкасынын автору.

2012-жылдан бери Градский жаш таланттар үчүн популярдуу "Голос" теледолбоорундагы насаатчылардын бири болгон. Ырчынын тарбиялануучулары дайыма шоунун жеңүүчүлөрү болушкан. 2014-жылы Градский Москвада өзүнүн музыкалык театрын ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG