Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Тоолуу Бадахшанда үч күндөн бери нааразылык уланууда


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда үч күндөн бери нааразылык уланууда. Облус борбору Хорог шаарында жергиликтүү бийликтин имаратына аламан бастырып кирген учурда үч киши каза болуп, күч органдарынын беш кызматкери жараат алганы кабарланган.

27-ноябрдагы нааразылыкка миңдеген адам катышканын, милиция ок атып, бир канчасы жарадар болгонун "Озоди" радиосу булактарына таянып билдирди.

Облус прокурору Парвиз Орифзода “Бадахшон” телеканалынын кечки эфиринде сүйлөп, эскертүү иретинде асманга ок атылганын айтты. Ошондой эле митингчилер облустун төрагасына жана акимчиликтин өкүлдөрүнө “чабуул” жасашканын, парламент депутаты Азиз Гиёзода жараат алганын кошумчалады.

Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин адамдар нааразылык билдирип, митингге чыгышкан. Алар жергиликтүү акимчиликтин алдына Зиёбековдун сөөгүн да алып келип, анын өлтүргөндөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

Гүлбидин Зиёбеков бийлик өкүлүн барымтага алып, токмоктогон деп айыпталган.

Хорог - Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан облусунун борбор шаары, ал Кыргызстандын Чоң-Алай району менен чектешет.

Тажикстанда 1990-жылдардын башында беш жылга уланган жарандык согуштан бери Тоолуу Бадахшандын тургундары менен өкмөт ортосунда чыңалуу уланып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG