Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Коронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жетти


Германия. Коронавируска каршы вакцина саюу учуру. Ноябрь, 2021-жыл.
Германия. Коронавируска каршы вакцина саюу учуру. Ноябрь, 2021-жыл.

Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө коронавирустун жаңы Omicron деп аталган штаммын алып жүргөн эки адам аныкталганын билдирди.

Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны жаңы штаммдардын бири катары тизмеге киргизген.

Вирус табылган эки киши тең жакында Түштүк Африкадан Британияга учуп келген.

Кийинчерээк Германияда Omicron инфекциясынын алгачкы эки учуру аныкталганын Бавария федералдык штатынын жергиликтүү бийлиги ырастады. Ишемби күнү кечинде Чехия менен Италияда инфекциянын алгачкы учурлары белгилүү болду. Илдет жуккан адамдардын баары жакында Африканын түштүгүндө болгону аныкталды.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жекшемби күнү өлкөгө келгендер үчүн катаал чараларды жарыялады. Алар келгенден кийин экинчи күнү коронавируска тест тапшырып, жыйынтык чыкканга чейин карантинде болушат. Ошондой эле транспортто жана жабык жайларда дагы беткап кийүү керек. Жонсондун айтымында, коронавирустун жаңы штаммы өтө тез жайылып жатат. Илдетти жугузуп алгандардын арасында эмделгендер да бар.

Адистердин айтымында, азыр сайылып жаткан вакциналар Omicron штаммына каршы натыйжа береби же жокпу азырынча белгисиз. Аны баалоо үчүн дагы эле маалыматтар жетишсиз. Эксперименттердин жыйынтыгы чыга элек.

Британияда пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн көбү быйыл жайында алынып салынган болчу.

Бир күн мурун Omicron инфекциясынын биринчи учуру Евробиримдиктин аймагында алгач жолу - Белгияда тастыкталган. Вирус жуккан адам Африканын түштүгүнөн эмес, Египеттен келгени аныкталган.

Буга чейин жаңы штамм Африканын түштүгүнөн тышкары Гонконгдо жана Израилде да табылган. Нидерландда ишемби күнү Түштүк Африкадан учуп келген 600 жүргүнчүнүн бардыгы коронавируска текшерилди. Алардын 61инде вирус табылган. Бул Omicron штаммы экени азырынча белгисиз.

Бир нече күн мурун Түштүк Африканын адистери коронавирустун жаңы мутациясын аныкташкан. Штамм Түштүк Африкада жана Африканын түштүгүндөгү башка өлкөлөрдө тездик менен жайылып жатат. Аны жуктурган 100гө жакын гана учур расмий түрдө тастыкталган, бирок эксперттер чындыгында бул учурлар көп экенине ынанышат.

Дүйнө жүзүндөгү бир катар өлкөлөр жаңы штамм тууралуу кабарларга байланыштуу Түштүк Африка жана коңшу өлкөлөр менен аба каттамдарын чектешти же жокко чыгарышты же ал жактан келгендер үчүн милдеттүү карантин киргизишти. 28-ноябрдан тарта коронавирустун жаңы штаммына байланыштуу Орусия Гонконгдон жана Африканын түштүгүндөгү бир катар өлкөлөрдөн келген чет элдиктердин кирүүсүнө чектөө киргизет.

Вирусологдордун айтымында, жаңы штаммда көптөгөн мутациялар бар, алар буга чейинкилерге караганда жугуштуу болушу мүмкүн.

Түштүк Африкадагы эпидемиянын динамикасынын алгачкы байкоолору бул тыянакты ырастап турат. Бирок, бир катар эксперттердин пикири боюнча, жаңы штамм оорунун оор агымына алып келет же учурдагы вакциналар жараткан коргоону кыйгап өтөт деп айтууга али эрте.

Вакцина чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрү жаңы штамм изилденип жатканын жана зарыл болсо, кыска убакыттын ичинде дарылардын жаңы версияларын иштеп чыгып, ишке киргизе аларын айтышты.

XS
SM
MD
LG