Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Хорогдо митингчилер менен бийлик өкүлдөрү жолугууда


Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов, Хорогдун борбордук аянтындагы митингчилер.
Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов, Хорогдун борбордук аянтындагы митингчилер.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов 28-ноябрь күнү түштөн кийин Хорогдогу митингчилер тобу менен сүйлөшүү жүргүзүп баштаганы кабарланды.

Хорогдо жүздөгөн кишилер төртүнчү күн катары менен нааразылык акциясын улантып жатат. Алар Гүлбидин Зиёбековдун өлүмүн акыйкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону бийликтен талап кылууда.

Облустук акимчиликтин өкүлүнүн айтымында, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов менен 40 адамдан турган митингчилердин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү түштөн кийинки саат 14:00гө белгиленген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө энергетика министри Далер Жума, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Азиз Гиёзода катышат. ИИМдин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов дагы Хорогдо жүргөнү айтылды.

"Озоди" радиосунун өздүк булагы өткөн түн тынч өткөнүн, бирок митингчилер үйлөрүнө тарабаганын билдирди.

"Абал турукташып жатат. Азыркы учурда митингчилердин өкүлдөрү облустун жетекчиси жана Хорог шаарынын мэри менен жолугушууда", - деген ал.

Хорог шаарынын жана автоном облустун Рошткала районунун тургундарынын бир тобунун нааразылык акциясы 25-ноябрда башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, каршылык акциясына 5 миңге чукул облустун тургуну катышууда.

25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин адамдар нааразылык билдирип, митингге чыгышкан.

Бадахшандын прокуратурасы Зиёбековдун кармалганын ырастап, бирок ал "кармоого каршылык көрсөтүп жатып жарадар болгонун" билдирген. Тургундар буга ишенбей, ал атайын өлтүрүлгөнүн айтышууда.

Төрт күнгө созулган нааразылык акциясында демонстранттар менен бийликтин ортосунда кеминде эки жолу кагылыш болгону кабарланды. Биринчи жаңжал 25-ноябрда Хорог шаардык мэриясынын имаратынын жанында, экинчиси 27-ноябрда облус жетекчиси Алишер Мирзонаботов митингчилердин алдында сүйлөп, жергиликтүү өкмөттүк имаратка кайтып келе жатканда болгон.

Нааразылык акциясынын катышуучулары Гүлбиддин Зиёбеков баш болгон үч адам каза болуп, он чактысы жаракат алганын кабарлашты. Жергиликтүү бийлик кагылышууда беш тартип сакчысы да жаракат алганын билдирди.

Автоном облустун прокурору 27-ноябрь күнү кечинде "Бадахшан" телеканалына "митингчилер аймактын башчысына таш ыргыта баштаганда аны коштоп жүргөн парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Азиз Гиёзода жарадар болгонун" билдирди.

Бирок Хорогдогу соңку окуяларда жайкын тургундардын өлүмү жана жаракат алгандар тууралуу бийлик расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG