Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Токмок: №7064 шайлоо тилкесиндеги бир үкөк алмаштырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарындагы №7064 шайлоо тилкесиндеги бир үкөк жарактан чыккандыктан акт түзүлүп, жаңысына алмаштырылды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, партиялардын тизмеси жазылган бюллетендер узун болгондуктан үкөк толуп, кагаз тыгылып калган. Бул шаардагы ири добушканалардын бири жана 2300 шайлоочу катталган, түшкө чейин 500дөй адам добуш берди. Токмокто жалпысынан 20 шайлоо тилкеси ачылган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG