Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16% ашыгы добуш берди


Боршайкомдун маалыматы.
Боршайкомдун маалыматы.

Саат 14:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча 602 миң 432 же 16,27% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Шайлоого Ош, Нарын жана Талас облусунун тургундары жигердүү катышууда. Чет жактардагы шайлоочулардын 3,23 % жакыны добуш берди.

Жараянга Ош облусунун Ноокат районунун тургундары активдүү катышууда. Бул аймакта жалпы шайлоочулардын 21,5% добуш берген. Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн округунда шайлоочулардын 11,56% келип, башкаларга салыштырмалуу төмөн болууда.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат.


Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө жайгашкан.

Парламенттик шайлоого 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин элге кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG