Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Жалал-Абад: Облус башчысы элди шайлоого активдүү катышууга чакырды


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев аймактын тургундарын шайлоого активдүү катышууга чакырды. Бүгүн, 28-ноябрда ал үй-бүлөсү менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 Жалал-Абад округунда добуш берди.

Ал шайлоочуларга кайрылып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого, өз тандоосун жасоого, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Саат 12ге карата облуста шайлоочулардын 8% добуш берди.

Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 685 миң 620ны түзөт. Аймактарда 452 шайлоо тилкеси уюштурулган.

27-ноябрда көчмө үкөктөр аркылуу добуш берүү уюштурулуп, ага 2,5 миңдей шайлоочу катышкан.

Бүгүнкү парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, анын арты менен өлкөдө бийлик алмашкан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG