Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Марат Иманкулов коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын айтты


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринен тартылган сүрөт.

Кыргызстанда шайлоо күнү коомдук коопсуздук тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Борбордук шайлоо комиссиясында уюштурулган түз эфирде билдирди.

Ал шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге тоскоолдук болбой турганын, мыйзамдуу иштерине көмөк көрсөтүлөрүн айтты жана добуш берүү аяктаганга чейин элге маалымат түз эфирде жеткирилип турарын кошумчалады.

Эки күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга камаган. Айрым талапкерлер суракка чакырылган.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Шайлоонун коопсуздугун камсыздоого 11 миңдей милиция кызматкери тартылары кабарланган.

XS
SM
MD
LG