Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Президент Садыр Жапаров жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырды


Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

“Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент.

Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу келди.

Мамлекет башчы бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Ушул эле күнү Бишкекке кайтып келерин президенттик администрациядан билдиришти.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG