Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Айрым шайлоо тилкелеринде үкөктөр үзгүлтүк менен иштеди


Жылытылып жаткан үкөк. Ысык-Көлдүн Теплоключенка ыйылындагы №3122 шайлоо тилкеси.
Жылытылып жаткан үкөк. Ысык-Көлдүн Теплоключенка ыйылындагы №3122 шайлоо тилкеси.

Парламенттик шайлоо башталгандан көп өтпөй айрым добушканаларда, анын ичинде президент Садыр Жапаров добуш берген шайлоо тилкесинде да бюллетень салчу электрондук үкөктөр бир саамга иштебей калганы байкалды.

"Азаттыктын" кабарчылары Ысык-Көл, Баткен облустарында, Бишкек шаарында ушундай мүчүлүштүк аныкталганына күбө болушту.

Шайлоо участкаларындагы адистер муну суукка байланыштырып, айрым жерлерде жабдуунун алдына жылыткычтарды коюп оңдошту.

Суукка байланыштуу электрондук үкөктөр күйбөй, жылытылганда иштеп калган фактылар буга чейинки шайлоолордо да байкалган.

Кыргызстанда автоматтык эсептөөчү урналар 2015-жылдан бери колдонулат.

Бул ирет шайлоочулар эки бюллетенге добуш беришет. Биринде партияны жана ошол партияда өзү колдогон талапкердин катар номурун белгилешет. Бул ыкма Кыргызстанда алгач ирет колдонулуп жатат.

Экинчи бюллетенде бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлерге добуш берилет. Бюллетендерде "баарына каршы" деген графа да болот.

Шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышууда.

Аралаш системада өтүп жаткан шайлоодо парламенттеги 90 орунга депутат тандалат. Анын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

XS
SM
MD
LG