Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Коронавирустун Африкада табылган жаңы штаммы дүйнөгө коркунуч туудуруп жатат


Түштүк Африка Республикасында жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүүдө
Түштүк Африка Республикасында жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүүдө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атады.

Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир көрсөтөт. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы аныкталган.

Бул штамм Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер "Омикрон" катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG