Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Партиялык тизмеде аял талапкерлердин саны 36% түзөт


Кыргызстандын Жогорку Кеңешине ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коопсуздук кеңешинин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына, социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлердин арасында аялдар 10% жетпейт.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат келет.

2020-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына оппозициялык партиялар жана жарандык коом нааразылык билдирип, бийлик алмашкан жана шайлоо жокко чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG