Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Чет өлкөлөрдө 16 шайлоо участогу иштей баштады


Добуш берүүчү жай
Добуш берүүчү жай

Ушул тапта чет өлкөлөрдө 16 добушкана ачылып, иштеп жатат. Алардын катарында Түштүк Сахалин, Жапония, Түштүк Корея бар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдирди.

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусия аймагында жайгашкан. Каттоодо турган шайлоочулар үчүн акыркы добушканалар АКШда ачылат.

БШКнын маалыматы боюнча шайлоочулардын саны 3 млн. 700 миңден ашык. Президент Садыр Жапаров №1053 шайлоо участогунда добуш берип жатып кыргызстандыктарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG