Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9% ашыгы добуш берди


Кара-Суу районундагы добуш берүү учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Кара-Суу районундагы добуш берүү учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо саат 12:00гө карата 338 миң 785 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын 9,17% түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат. Шайлоого Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундары жигердүү катышууда. Чет жактардагы шайлоочулардын 2% жакыны добуш берди.

Шайлоого Баткендин Лейлек, Оштун Көк-Жар, Араван, Ош, Кара-Суу, Жалал-Абаддын Ноокен районунун тургундары активдүү катышууда. Чүйдүн Сокулук, Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Бишкектин Октябрь райондорунда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн болууда.


Бүгүнкү шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин элге кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдардан 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG