Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Мадумаров админресурсту жана добуш сатып алууну тыюу кыйын экенин айтты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы №1211 шайлоо тилкесинде добуш берди. Журналисттердин суроолоруна жоооп берип жатып, "бул жолку парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонулат" деп айтты. Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон жок.

"Эгер бийлик кааласа, шайлоо таза өттү деп дүйнөгө канчалык жар салса да, добуш сатып алуулар болот. Бирок бул ирет элибиздин саясий деңгээли бир аз көтөрүлүп, руханий дүйнөсү байыгансыйт. Көптөгөн нерселерден баш тартып жатышат. Административдик ресурс болуп келди, болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар, маалымат каражаттары аркылуу бир нерсени акырын былгытып коюу - азыркы бийликтин адатына айланып калды", - деди.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчилиги шайлоо алдында өздөрүн оппозиция деп жарыялаган.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

XS
SM
MD
LG