Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Парламенттик шайлоо менен катар айрым жергиликтүү кеңештерге дагы шайлоо өтүп жатат


Бүгүн, 28-ноябрда парламенттик шайлоо менен катар айрым аймактарда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтүүдө.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Аксы районунун Кербен шаары, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп жатат.


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого жалпысынан 40 миңден ашуун шайлоочу катталган. Саат 12:00гө карата алардын 10% добуш беришти.

Бүгүнкү парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ТВ)

XS
SM
MD
LG