Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

ЕККУнун координатору жарандардын шайлоодогу активдүүлүгүн жогору баалады


ЕККУнун шайлоону байкоочу кыска мөөнөттүк миссиясынын курамына жалпысынан 300 байкоочу кирген.
ЕККУнун шайлоону байкоочу кыска мөөнөттүк миссиясынын курамына жалпысынан 300 байкоочу кирген.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кыска мөөнөттүк байкоочулар миссиясынын атайын координатору, Даниянын депутаты Питер Юэл-Йенсен Кыргызстанда 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу жарандык активдүүлүктү баалады.

"Шайлоо участкалары өз ишин гимн менен баштаганын биринчи жолу көрүп жатам. Бул мага жагымдуу таасир калтырды. Биз шайлоого Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан байкоо салып жатабыз. Бизден тышкары бул жерде жергиликтүү байкоочулар да абдан көп экен. Баары эле жекшемби күнү таң эрте шайлоого байкоо салуу үчүн макул боло бербейт. Жарандардын саясий өнөктүккө активдүү катышып жатканы жакшы көрүнүш".

ЕККУнун шайлоону байкоочу кыска мөөнөттүк миссиясынын курамына жалпысынан 300 байкоочу кирген. Анын жетекчилиги добуш берүү күнүнүн эртеси, 29-ноябрда маалымат жыйында шайлоонун кандай өткөнү тууралуу өз баасын берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы жонунан 730 эл аралык байкоочу расмий катталганын 23-ноябрда кабарлаган.

Саат 10:00гө карата 3% жакын шайлоочу добуш берди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG