Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3% жакыны добуш берди


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип жаткан аял. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин биринде добуш берип жаткан аял. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3% жакын добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түз эфирдеги брифингде билдирди.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, элдин канчасы добуш берсе да шайлоо өттү деп жарыяланат.

Добуш берүүгө Оштун Өзгөн районунун тургундары жигердүү катышып жатат. Чүйдүн Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондорундагы көрсөткүч салыштырмалуу төмөн болууда.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте добуш бергенден кийин элге кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялардын негизинде шайлоо үчүн 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдардан 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

XS
SM
MD
LG