Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Коопсуздук кеңешинин катчысы жарандардан добушун сатпоону суранды


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жарандардан добушун сатпоону суранды.

Ал 28-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясында уюштурулган түз эфирде сүйлөп, парламенттик шайлоого аттанган талапкерлердин арасында элдин добушун акчага сатып алууну көздөгөндөр бар экенин билдирди. Бирок алар кимдер экенин ачык атаган жок.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги айрым партиялардан жана бир мандаттуу округдардан жарышка чыккан талапкерлер добуш сатып алууга шек саналып жатканын, айрымдары кармалганын билдирген.

Коомчулуктагы сөздөргө караганда, мурдагы шайлоолордо бир добуш үчүн 1000-2000 сомдон акча таратылган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG