Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды


2021-2022 кышкы туристтик сезондун ачылышында тартылган сүрөт.
2021-2022 кышкы туристтик сезондун ачылышында тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 2021-2022-жылдардын кышкы туристтик сезону 27-ноябрда расмий ачылды.

“Каракол” тоо лыжа комплексинде өткөн ачылыш аземинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин белгиледи.

Кышкы туристтик сезондун ачылышына Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, туристтер жана эс алуучулар катышты.

Өлкөдө 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG