Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду


Шайлоо тилкесиндеги кызматкер. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Шайлоо тилкесиндеги кызматкер. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 28-ноябрга карата дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптардын арасынан бир киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Ал арада Кыргызстан коронавирус пандемиясы учурунда бешинчи жолу шайлоо өткөрүүдө. 28-ноябрда жарандар парламент депутаттарын шайлашат.

Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керектигин, добушканалар тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздалганын билдирген.

2020-жылдын башынан дүйнөнү каптаган коронавирус 5 миллион 200 миңден көп адамдын өмүрүн алып кетти. Кыргызстанда бул оору жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашып, 2700дөн көп бейтап көз жумду. Өлкөдө күнүгө ондогон адам инфекция жуктуруп алганы аныкталууда. Саламаттык сактоо министрлиги эл көп чогулган жерлерде беткап тагынууну эскертип келет.

Өлкөдө ооруга каршы 1 миллион 999 миңдей адам вакцина алды. Анын 882 миңден көбү эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы кооптуу штаммы табылганын билдирип, ал бир катар өлкөдө катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG